Жаңылыктар
Кемин районундагы жол кырсыгы 6 адамдын өмүрүн алды
Кырсык
Кемин районундагы жол кырсыгы 6 адамдын өмүрүн алды

Кечээ, 13-апрелде саат 18:20 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында "Хонда-Одисей", "Мерседец-Бенс" жана "Тойота-Хайландер" унаалары кагылышкан. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. 


Жабыркагандар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.