Жаңылыктар
ЖК Биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин отчетун жактырды
УТРК жаңылыктары
ЖК Биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин отчетун жактырды

Жогорку Кеңеш коомдук Биринчи каналдын байкоочу кеңешинин 2016-жылга болгон отчетун жактырды. Маселе парламентте күн мурда каралып, кызуу талкуу жүргөн. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков коомдук биринчи каналдын ишин жакшыртуу үчүн бир нече мыйзамдарды алмаштырып, каржылык көз карандылыгын жоюу керектигин белгилеген.

Төрага Чыныбай Турсунбеков болсо байкоочу кеңеш КТРКнын ишин жакшыртуу үчүн болгон күч аракетин жумшады деп эсептейт. Анын айтымында мамлекет биринчи кезекте корпорациянын каржылык көз карандылыгын камсыздашы керек.
Байкоочу кеңештин отчету кабыл алынды. Эми алдыда анын жаңы курамын шайлоо маселеси турат.