Жаңылыктар
КР менен КЭР ортосундагы дипломатиялык мамилеге 25 жыл болду
Саясат
КР менен КЭР ортосундагы дипломатиялык мамилеге 25 жыл болду

Өткөн жумада "Кыргызстан менен Кытай  Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилеге 25 жыл болгонуна" карата илимий-практикалык конференция өттү. Бул конференцияда биринчи жолу эки элдин тарыхында ар түрдүү багыттагы эксперттер кезикти. Жогоруда сөз болгон конференцияны   өлкөбүздүн Улуттук стратегиялык изилдөө  институту, Тышкы иштер министирлиги, Дипломатиялык академия менен Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын  элчилиги уюштурду.

Конференциянын натыйжасында Кыргызстандын улуттук стратегиялык изилдөө  институнун директору Азамат Дикамбаев жана Кытайдын эл аралык  көйгөйлөрдү   изилдөө  инстутунун башчысы Су Гэ  кызматташтык туралуу меморандумга кол койду.

Даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Улугбек Шакиров болду