Жаңылыктар
Медициналык академияда илим күндөрү өтүүдө
Билим
Медициналык академияда илим күндөрү өтүүдө

Иса Акунбаев атындагы Медициналык академияда 13-14-апрелде илим күндөрү өтүүдө.  Алты жылдан бери салтка айланган илимий жыйын бул жолу академик Мирсаид Миррахимовдун 90 жылдыгына арналып, Кыргызстанда медиктерди даярдаган окуу жайлардан студент, окумуштуулар жана Япония, АКШ, Россия, Түркиядан  меймандар катышууда. Ошондой эле быйыл  биринчи жолу кыргыз тилиндеги баяндамалардын секциясы башталды. 

Илимий жыйында  адамдын анатомиясы, физиологиясы, ортопедия сыяктуу бардык тармагын кыргызча окутуу боюнча китеп жазууга өмүрүн арнаган окумуштуулардын кызыктуу баяндары  угулду.  

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”