Жаңылыктар
Мародерчулук боюнча токтом кабыл алуу келерки жыйынга жылды
Саясат
Мародерчулук боюнча токтом кабыл алуу келерки жыйынга жылды

2010-жылдагы мародерчулук боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу токтомун кабыл алуу жол-жобосун парламент келерки жыйынга жылдырды.

Морадерлук, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге, Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлктөрдү сатуу, банктык ячейкаларды талап-тоноо сыяктуу бир катар маселелер менен катар каралып, кызуу талаш-тартыш, депутаттардын бири-биринин абийирине шек келтирген кайым айтышуулар менен коштолду.

Дээрлик 2 сааттай талкууга карабастан депутаттар бул маселе боюнча токтом кабыл ала алышкан жок.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"