Жаңылыктар
Турат Акимовго байланыштуу тергөө иштери президенттин көзөмөлүндө болот
Кылмыш
Турат Акимовго байланыштуу тергөө иштери президенттин көзөмөлүндө болот

Президент Алмазбек Атамбаев журналист Турат Акимовго кол салуу фактысы боюнча тергөөнү жеке көзөмөлүнө алды. Мамлекет башчысы ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салган адамды издөө боюнча ыкчам чараларды көрүүнү, тергөө ишин сапаттуу жүргүзүп, күнөөлүү тарапты жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Эскерте кетсек “Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралда өз үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган.Дене түзүлүшү спортсменге окшош адам аны арматура менен башка чапкан. Бирок журналист каршылык көрсөткөндөн кийин качып кетип, жабыркаган Акимовдун чыпалагы сынган. 

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Бирок журналист ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берүүнү суранууда.