Жаңылыктар
Ош шаарын суу менен жабдуу маселеси ишке ашат
Экономика
Ош шаарын суу менен жабдуу маселеси ишке ашат

Жогорку Кеңеш 3-окууда Кыргызстан менен Европа өнүгүү банкынын ортосундагы Ош, Чолпон-Ата жана Кара-Суу шаарларын  “Суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча насыялык жана гранттык келишимдерди  жактырды.   Бул 3 долбоордун көлөму 20 миллион  еврону түзөт. Анын  ичинен  10 миллиондон ашыгы  Ош шаарындагы суу менен жабдууну жакшыртууга жумшалат. 

Эске салсак, 2016-жылы  Жогорку Кеңеш Баткен жана Нарын шаарларын  “Суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо”  долбоорун караган.   Анда Европа  реконструкциялоо жана өнүгүу банкы тарабынан 5 миллион евро бөлүнгөн, ал эми Нарынга  6 миллион евро каралган. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"