Жаңылыктар
Мектептерде окуу куралдары жетишсиздиги көйгөй жаратып келет
Билим
Мектептерде окуу куралдары жетишсиздиги көйгөй жаратып келет

Мектептерде окуу куралдары жетишсиздиги дайыма көйгөй жаратып келээри белгилүү. Ош шаарын алсак, билим берүү уяларында айрыкча акыркы 5 жылдын ичинде китептерди жетишсиздиги курчуганы байкалган. Айрыкча орус тилинде билим берген мектептерде Кыргызстан тарыхы сыяктуу китептер жетишпейт. Бул көйгөйдү шаардык бийлик чечүүгө аракет көрөбүз деген убадасын берип жатат. 

Соңку беш жылда мектептерде китеп жетишсиздиги байкалып келет. Айрыкча окуу куралдары башталгыч класстарда көйгөй жаратып жатат. Мисалы Оштогу Нариманов мектеп гимназиясын шаардык билим берүү башкармалыгы 67 пайыз гана окуу куралдары менен камсыз кылат. Калган муктаждыкты мектеп жетекчилиги башкалардай эле болуп, ата-энелердин жардамы менен чечип келишет. 

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио радио", Ош шаары