Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси дайындалды
Саясат
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси дайындалды

Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 13-апрелде кол койду. 

Ибраев Социал-демократтардын тизмеси менен 2015-жылдагы шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон. Ал “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун жетекчиси.