Жаңылыктар
Борбор калаада жапон маданият жумалыгы өткөрүлүүдө
Маданият
Борбор калаада жапон маданият жумалыгы өткөрүлүүдө

Бишкектин тургундары менен меймандарына Жапониянын салттуу жана заманбап маданияты менен тереңден таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бишкекте 6-ирээт Жапониянын маданият жумалыгы өтүүдө. 

Маданият жумалыгы 29 - февралга чейин уланып, ачык турнирлер, жапон оюндары, жапон күрөш өнөрлөрүнүн искусствосу жана жапон киносунун фестивалы менен коштолот. 

Иш-чараны Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз - Жапон өнүгүү борбору жана Шаардык дене тарбия жана спорт комитети биргеликте уюштурууда. Максаты - жапон элинин маданиятын жайылтуу болуп саналат.