Жаңылыктар
Президент А. Атамбаевдин саммит жемиштүү болооруна ишеними чоң
Экономика
Президент А. Атамбаевдин саммит жемиштүү болооруна ишеними чоң

Президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБдин Бишкекте өтүп жаткан саммити жемиштүү болооруна ишеним артат. Бул тууралуу мамлекет башчы уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин тар чөйрөдөгү жыйынында билдирди. Атамбаев иш-чарага келип катышып жатканы үчүн президенттерге ыраазычылык билдирди. 

Эске сала кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтыкка байланышкан актуалдуу маселелер талкууланат. Ошондой эле, Молдовага биримдиктин байкоочу өлкөсү макамын берүү да күн тартибине киргизилген.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынан кийин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болот. Анда уюмду андан ары өнүктүрүү, андан тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланат. Жолугушууга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери катышмакчы.