Жаңылыктар
КТРК менен “Казакстан” РТРК жетекчилери кызматташуу келишимине кол коюшту
УТРК жаңылыктары
КТРК менен “Казакстан” РТРК жетекчилери кызматташуу келишимине кол коюшту

Коомдук биринчи канал менен “Казакстан” республикалык телерадиокорпорациясынын жетекчилери кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. 

Бул КТРК менен “Казакстан” РТРКсынын түрдүү багыттагы эки тараптуу кызматташуусунун башаты болуп калат. Казакстандан келген делегация кызматташуунун эң алгачкы кадамы катары казак сериалдарынын презентациясын өткөрүп, кыргыз тарапка сунуштады. 

Өз кезегинде, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жакын арада казак сериалдары кыргыз тилинде Коомдук каналдын эфиринен коюларын билдирди. “Казакстан” РТРКсы 2009-жылдан бери 62 телесериал тарткан жана медиарынокто салмактуу орду бар.