Жаңылыктар
Жалал-Абад облустук ооруканасы жаңыланды
Ден соолук
Жалал-Абад облустук ооруканасы жаңыланды

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт жана балдар бөлүмдөрү толук оңдоп түзөөдөн өттү. Андан сырткары 82 миң долларга эң зарыл делинген медициналык жабдуулар алынды. Бул аракеттер "Эне менен баланын саламаттыгын жакшыртуу" долбоорунун алкагында ишке ашты. 

Облустук оорукананын балдар бөлүмүндө бул күнү өзгөчө маанай. Анткени жандандыруу бөлүмүнө заманбап жабдуулар келди.
40 миң долларга бааланган жасалма дем алдыруучу аппараттын мааниси мындагылар үчүн өтө чоң. Анткени буга чейин ымыркайлардын өмүрү 20 жыл мурун келген аппаратка көз каранды эле.

Жаш балардын өлүмүн азайтуу жана ага жол бербөө үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын Саламаттыкты сактоо министри, Талантбек Батыралиев да айтат. Алдын алуу аракеттеринин натыйжасы менен соңку 3 жыл ичинде өлкөдө 5 жашка чейинки балдардын өлүмү азайган. Бирок тубаса кемтик төрөлгөн балдардын саны өскөн. Адистер мунун себебин жаш энелердин арасында аз кандуулук көп болуп жатканы менен түшүндүрүшөт.

Кыргызстанда Эне менен баланын өмүрүн сактоо аракетине Жапон өкмөтү төрт жылдан бери жардам берип келет. Ага кошумча “ЮНИСЕФ” аркылуу да көп иштер жасалууда. 3 жыл ичинде Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы ооруканалар 2 жарым миллион долларлык жардам алышкан.

Бул долбоордун алкагында Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө буга чейин 42 миң долларлык медициналык жабдуу берилип, 100 миң доллардан ашуун каражат капитадык ремонт иштерине каралган.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы ар бир жаңы кадам дени сак улут үчүн. Ошол эле учурда ар бир жаран өз ден-соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылып, оорунун алдын алса дешет дарыгерлер..