Жаңылыктар
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктады
Экономика
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктады

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына төрагалык кылган президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан үчүн айыл чарбасын, кайра иштетүүнү жана жеңил өнөр жайды өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле, жалпы эмгек рыногун калыптандыруу, биримдик алкагында бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү зарылчылыгын айтты. Мамлекет башчы тарабынан Евразиялык мейкиндикте бизнеске эң жагымдуу шарттарды түзүү сунушталды.

“Кыргызстан 2017-жылды Евразиялык экономикалык мейкиндикте бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арноо сунушун ЕАЭБдин Жогорку кеӊешине жолдоду. Чынында бизнес экономиканын кыймылдаткыч күчү, ошондуктан биримдикти куруунун негизги эрежелерин жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен ишти улантуу абдан маанилүү. 

Бул - товарлардын, кызматтардын кыймылынын эркиндиги, финансылардын жана эмгек ресурстарынын ары-бери жүрүшүнүн эркиндиги. Албетте, биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктарды жоюуга күч үрөшүбүз керек. Ал үчүн мамлекеттик органдар, Евразиялык экономикалык комиссия арасында кыйла тыгыз байланыш керек. Албетте, Евразиялык комиссия биздин өлкөлөрдүн бизнеси сунуштаган демилегелерге кулак салууга тийиш”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев.  

Ошентип Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жыйынтыкталды. Анда уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биримдиктин талабына ылайык Кыргызстанга жардам берүү аракеттери уланаарын билдирди. Назарбаевдин айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жогорулады. Ал эми орус лидери Владимир Путин ЕАЭБ өз жыйынтыгын бере баштаганын, Россиянын рыногунда биримдикке мүчө өлкөлөрүнөн келген товарлар көбөйгөнүн белгиледи. Саммитте Молдова уюмга байкоочу өлкө макамын алды. Молдованын президенти Игорь Додон, эми ЕАЭБге жакындашуунун кийинки этаптары башталаарын айтты. 


Ошондой эле, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынан кийин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болду. Анда уюмду андан ары өнүктүрүү, андан тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды. Жолугушууга Армениянын, Беларуссиянын, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери катышты.