Жаңылыктар
Өкмөттүн бир жылда аткарган иши
Саясат
Өкмөттүн бир жылда аткарган иши

Жакын арада парламент премьер-министрдин 2016-жылы аткарган жумушунун жыйынтыгы угат. 

Сооронбай Жээнбековдун отчёт берчү убагы, анын өкмөт башчы кызматына бекишинин бир жылдыгына туш келип отурат. Бир жыл аралыгында өкмөттү жетектеген Жээнбеков эмне жумуштарды жасады?

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп келиши, өлкөнү ЕАЭБдин шарттарына ыңгайлаштыруу учуруна туш келди. Соңку кезде көп багыт боюнча иштер жүрүп жатат. Талдоочулардын пикиринде, алардын катарын өлкөнүн эскпорттук артыкчылыгынын жогорулашы толуктайт.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө жол салынышы менен ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн 180 миллион калкты камтыган базардын эшиги ачылды. 18 ишкана өндүргөн продукциясын биримдикке алып кирүүгө ЕАЭБ тизмесине кирди. Андан тышкары ВСП+ программасынын алкагында ортодон салык төкпөй, түз эле Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө товар чыгарууда.


Өкмөт иштөө механизмин ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүүгө карата жети дубанда ар тармактуу иштерди жүргүзүп жатат. Ушул күнгө чейин «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркечтам» 4 өткөрүү пункту жана 7 ветеринардык-контролдук өткөрүү пункттары жабдылды. Талас облусунун Кара-Буура районунда эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык лаборатория ачылды. Жакынкы убакта Ысык-Көл облусунда дагы бир фитосанитардык лаборотория ишке берилет. 

2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке берилет. Ош менен Бишкек шаарында болсо эки чоң заманбап фитосанитардык лаборатория жаңыланды. Бул жабдуулардын жардамы менен тамак-аш азыктарын гана эмес башка товарлардын, ал гана эмес халал деп жаткан азыктардын курамын дагы даана аныктаса болот.