Жаңылыктар
Калаанын 49 көчөсүнүн жолдору толук кандуу оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Калаанын 49 көчөсүнүн жолдору толук кандуу оңдолот

Бишкектиктер үчүн кубанычтуу жаңылык. Жакынкы аралыкта жол көйгөйүнөн шаардыктар кутулушат.  Бул үчүн Кытай Эл Республикасы гранттык негизде 478 млн юан которгон. 

 Бул каражат менен калаанын 49 көчөсүнүн жолдору толук кандуу оңдолот. Буга кошумча шаардык бюджеттин эсебинен 600 миллион сом бөлүндү. 

Жолдун чуңкурунун көптүгүнөн айдоочулар көп деле жол тандабай калышкан. Анткени баары бир унаа чуңкурга түшөт.

Жолдун бул үрөй учурган абалы темир тулпар ээлерине кошумча түйшүк жаратып жатат. Анткени улам бир чуңкурга түшүп, ай сайын унаанын тектиктерин жаңыртууга мажбур кылууда.

Жыл сайын чуңкурларды жамай берип шаар бийлигинин шайы кетти. Аракеттеринин арты берекесин берип, быйыл Бишкектин 49 көчөсүнүн жолдору толук кандуу ондоп-түзөө иштеринен өткөнү жатат.

Учурда мерчемделген иш боюнча оңдоо иштерине даярдыктар башталды. Эскерте кетсек ишти кытайлык компания жүзөгө ашырып, жумуш башталгандан тарта жолдун жасалышынын сапаты өзгөчө көзөмөлгө алынат.