Жаңылыктар
Бишкектеги Улуттук илимдер Академиясынын ботаникалык багында ишембилик өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Улуттук илимдер Академиясынын ботаникалык багында ишембилик өттү

Ага президенттин аппаратынын кызматкерлери толук курамда жана парламенттин аппараты, мэрия кызматкерлери катышты. Бактын директору ишембиликтин катышуучуларына ботаникалык бакты реконструкциялоонун башкы планын көрсөтүп берди. 

Башкы планга ылайык, бак экспозицияларга бөлүнгөн. Эми ошол боюнча өсүмдүктөр отургузулат. 

Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков баштаган аппарат кызматкерлери Кыргызстан флорасы аймагынын Арсланбаб экспозициясына токойдо өскөн жапайы жаңгак, бадам, долоно, гилас, кайнаалы, өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.