Жаңылыктар
Тарыхчы жана маданият кызматкерлери сыйланды
Маданият
Тарыхчы жана маданият кызматкерлери сыйланды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоого, өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар инсандарды сыйлады. 

Хакасиянын мамлекеттик университетинин этнографиялык лабораториясынын жетекчиси, тарыхчы Виктор Бутанаевге, Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын профессору Юлий Худяковго жана Кытайдагы тил таануучу, фольклорист Макелек Өмүрбайга 3-даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды. 

Ошондой эле маркум манасчы Жусуп Мамайдын “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын анын уулдары келип алышты. Улуу манасчыга аталган жогорку даражадагы наамды ыйгаруу жарлыгы 2014-жылы чыккан.