Жаңылыктар
Ош шаардык жолдор башкармалыгына жаңы техника тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык жолдор башкармалыгына жаңы техника тапшырылды

Калаанын борбордук аянтында бул саамалык салтанаттуу түрдө ишке ашты. Наркы 15 миллион сомдук 8 заманбап техника эми жолчулардын ишин кыйла жеңилдетет. Бул техниканын жардамы менен жол жамоо иши илгерилейт. Ал үчүн жаңы 15 жумушчунун орду да ачылган. 

Жолчулар техниканы башкаруу боюнча окуудан өтөт. Ошондой эле бул техникаларды пайдалануу менен жыл сайын аң-чөнөктөрдү жамоо үчүн кетип жаткан чыгым да азаят. Эгер буга чейин бул өнөктүк үчүн 17 миллион сом сарпталса, эми бул сумма 12 миллион сом болоорун адистер билдирет. 

Мунун арты менен шаар бюджети 30 пайызга үнөмдөлөт.