Жаңылыктар
Көчкү алдында калган маркум табылды
Өзгөчө кырдаал
Көчкү алдында калган маркум табылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Шамал-Терек айылындагы жер көчкүнүн астында калган маркумдун сөөгү табылды. Издөө иштерине жергиликтүү тургундардан 10 жаран жана 36 куткаруучу тартылган. 

14-апрелде эч кандай жаракалары жок жерден жер көчкү жүрүп, бир турак жайы менен кошо 1961-жылы туулган Касымов Сүйүндүктү басып калган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.