Жаңылыктар
Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосу сахналаштырылды
Маданият
 Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосу сахналаштырылды

Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосу биринчи жолу сахналаштырылды. Жаңы спектакль Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында коюлду. 

Мындай ири эпосту сахнага коюу он ай убакытты талап кылды. Биринчи себеби, “Манас” - театр үчүн атайын жазылган бир драма эмес. Спекталди койгон режиссер Шамил Дыйканбаевдин айтымында, дагы бир чоң кыйынчылык актёрлорду “Манас” айтууга даярдоо болду.

Башкы ролду жараткан Чагалдак Замирбеков мындай форматтагы оюнга катышуу абдан чоң жоопкерчиликти талап кыларын билдирди.
Адам театрга келгенде, кандайдыр бир көрүнүштү көрүп, китепти толугу менен окуп чыкканга барабар. Жаңы форматтагы спекталь көрүүчүлөрдүн купулуна толгону сезилип турду.

Жусуп Мамайдын вариантында “Манас” эпосу 223 миң сап ырдан туруп, Манас баатырдын сегиз урпагы жөнүндө кенен айтылат.