Жаңылыктар
Өзгөндөгү жаңы пайда болгон жер көчкү 5 үйдү басып калды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү жаңы пайда болгон жер көчкү 5 үйдү басып калды

Жалпак-Таш айыл аймагындагы жер көчкү беш үйдү басып калып, бир турак үйгө 10 метр жетпей токтогон. Бул Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын караштуу Кысык-Алма айылындагы Чырмаш участкасында көчкү жаңы пайда болгон. 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук куткаруучулар тобу жеринде барып тактоо иштерин жүргүзгөн. Азыркы учурда жер көчкү 5турак үйдү толугу менен көчкү баскандыгы аныкталды. Каримбаев Улан атуу жарандын жаңы салган толук бүтө элек үйүно жер жөчкү 10 метр калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жабырлануучуларга 6 даана чатыр бөлүп берүү иш чарасы каралууда.

Ошондой эле, Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 10-чакырымында 50 метр аралыгын басып жол каттамы убактылуу токтогон. Бирок, Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы бар,- деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.