Жаңылыктар
Антонина Шевченко дүйнө чемпиондугуна ат салышат
Спорт
Антонина Шевченко дүйнө чемпиондугуна ат салышат

Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко муай-тайдын WMC жана Phoenix FC версиясы боюнча дүйнө чемпиондугуна ат салышат. 

Антонина Шевченко дүйнө чемпиону швециялык Иса Таблат Кескикангас менен беттешет. Беттешүү 29-апрелде Ливандын борбору Бейрут шаарында өтөт. 

Иса Таблат Европанын эки жолку чемпиону, Түндүк Европа биринчилигинин жеңүүчүсү жана Швециянын үч жолку чемпиону эсептелет.