Ош шаарында ММА жана панкратион боюнча Азия чемпионаты болот. ММА жана панкратион федерациясынын маалыматына караганда, чемпионат Ош шаарында 19унан 22-майга чейин өтөт. Азыр чемпионат өтө турган стадионду даярдоо иштери жүрүүдө.
Иш-чарага Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Сингапур, Түштүк Корея, Тажикистан, Өзбекстан жана кыргызстандык спортчулар катышат. Тагыраак айтканда, 12 мамлекеттен мушкерлер келет. Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышмай болду.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясы 2013-жылы түзүлгөн. Бул федарация дүйнөлүк ММА ассоциациясына мүчө.