Жаңылыктар
Түркия референдумду колдоду
Дүйнө
Түркия референдумду колдоду

Түркияда референдумга катышкан шайлоочулардын 51 пайыздан ашыгы президент Режеп Тайып Эрдогандын реформасын колдоду. 

Бул акыркы 100 жыл ичиндеги Түркиянын башкаруу системасындагы эң ири реформа болду. Референдумдун жыйынтыгы боюнча президент Режеп Тайып Эрдогандын ыйгарым укуктары кеңейет жана ага дагы 10 жыл бийликте калууга жол ачылат. 

Премьер-министрдин кызматы жоюлуп, өзү вице-премьерлерди, Конституциялык сот, Соттордун Жогорку Кеңешинин мүчөлөрүн, прокурорлорду дайындайт. Парламентти таратып, өзгөчө кырдаал жарыялоо укугуна ээ болот.