Жаңылыктар
Түркияда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө
Дүйнө
Түркияда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Түркия бийлиги Анкарадагы террактан кийин коопсуздук чараларын күчөтүүнү көздөп жатат. Премьер-министр Ахмет Давутоглу коопсуздук чаралары боюнча өткөн жыйында Түркиянын ар бир айылы коопсуздук жагынан атайын чараларга муктаж экенин билдирди. 

Анын айтымында, Анкарада өзгөчө абал өкүм сүрүүдө, анткени шаар көптөгөн өкмөттүк, мамлекеттик мекемелердин жана бир катар мамлекеттердин элчиликтеринин борбору. Анкарада коопсуздук жагынан кам көргөн кызматкерлердин жана жабдыктардын саны көбөйтүлөт. 


Ушундай эле коопсуздук чаралары Түркиянын башка аймактарында дагы күчөтүлөт. Эске салсак, 17-фервалда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 6 жарымдар чамасында аскер жатаканалары жайгашкан райондо жардыргыч зат орнотулган унаа жарылган. натыйжада 28 адам каза таап, 60тан ашык жаран оор жаракаттарды алган.