Жаңылыктар
"Жизель" чыгармасы көрүүчүлөрдүн сынында
Маданият
"Жизель" чыгармасы көрүүчүлөрдүн сынында

Адольф Адандын "Жизель" чыгармасы Бишкекте көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына көрүүчүлөр арбын чогулуп, аталган чыгармага күбө болушту. Сүйүү жана абийирди туу туткан фантастикалык чыгармада башкы каармандын ролун Зарина Мухаметшина аткарды. 

Ал «Бахчисарай фонтаны», «Баядера», «Юнона жана Авось» чыгармаларындагы ролдору менен белгилүү болгон. Кечеде Мухаметшинага Кыргызстан аялдар конгрессинин атайын медалы ыйгарылды.

“Жизелдин образын үнсүз түшүндүрүүгө аракет кылдым. Аны зор кубануу менен аткардым. Анда бий гана эмес, өтө драмалуу окуялар камтылган. Мага бийлеп гана тим болбостон жан-дүйнөңдү көрсөтө турган ролдор жагат”,- деди А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Зарина Мухаметшина.