Жаңылыктар
Б.Жетигенов: “Видеокөзөмөл аркылуу айдоочуларды тескөөгө алуу зарыл”
Кыргызстан жаңылыктары
Б.Жетигенов: “Видеокөзөмөл аркылуу айдоочуларды тескөөгө алуу зарыл”

Адам өмүрүн алган жол кырсыктары азайбай жатат. Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунда ушул жылдын апрель айында  беш күндүн ичинде эки жол кырсыгы катталып, 11 адамдын өмүрүн алды. 

"Күндүн темасы" уктуруусунан бул жолу адам өмүрлөрүнө себепкер жол кырсыгын азайтууга мүмкүнбү жана кандай чараларды көрүүгө болот? деген темада түз эфирде талкуу болду.

Уктурууга Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт  Жетигенов, ИИМнин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын  жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, полковник Муктар Сандыбаев, МККнын транспорт жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жооптуу кызматкери Адылбек Рыскелдиев катышты.