Жаңылыктар
Тилди изилдөөдө маалымат технологиясы киргизилиши мүмкүн
Билим
Тилди изилдөөдө маалымат технологиясы киргизилиши мүмкүн

Бүгүн Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана  архитектура университетинде  тилди изилдөөдө маалымат технологиясын киргизүү маселесине арналган эл аралык 5-илимий практикалык конференция өттү. Бул окуу жайда англис,  немис, кытай тилинде эркин сүйлөгөн адистер, эми мамлекеттик тилди сөзсүз  өздөштүрүү үчүн кызыктыруучу конкурс жарыяланды. Кыргыз тилинде академиялык деңгээлде иш жүргүзө билген мыкты деген студент жана жаш окумуштууга  6000 сом өлчөмүндө стипендия ыйгарыла  турганын  окуу жайдын ректору билдирди.  

Иш чарага бул тармакты өнүктүрүүгө кызыкчылыгы бар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, ошондой эле өнөктөш катары Индиянын Кыргызстандагы элчиси, Кореядан келген меймандар катышууда.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”