Жаңылыктар
Өзбекстанда диний кызматкерлер мамлекеттин ишине кийлигише баштады
Дин
Өзбекстанда диний кызматкерлер мамлекеттин ишине кийлигише баштады

Коңшу Өзбекстанда жаңы президент Шавкат Мирзиёев  бийликке келгенден бери, диний кызматкерлер мамлекеттин ишине кийлигише баштаганы байкалууда. Айрым эксперттердин көз карашында келечекте Өзбекстанда мындай көрүнүштөр күчөсө, анда өлкөдө светтик менен диний радикалдуу көз караштагы жарандардын ортосунда кагылыш болушу мүмкүн. 

Россиялык Лента.ру  интернет  булагынын журналисти Ахмед Сейидов “Мындай   көрүнүштү токтотуш керек”аттуу макаласын жазып чыкты. Бул айдын башында Ташкент шаарынын Юнусабад   конушунунда жайгашкан мечиттин имамы Рахматулло Сайфутдинов мырзалар гинеколог болуп иштегени бул  уят көрүнүш. Анын пикиринде мырзалар айымдарды дарылаганга тыюу салынсын деген талапты  койду. Ошондуктан Сайфутдинов мурдагы советтик мындай жат мурастан кутулуш керек деп жар салды. Тоталитаризм өкүм сүрүп турган учурда, диний ишмерлердин пикирине  эч ким көңул бурчу эмес. Анткени ошол убакта Совет бийлиги  улуттун  чыгаан инсандарын куугунтуктап жана баалуулуктарын жокко чыгарган. 42 жаштагы  имам  Сайфутдинов мындан ары гинеколог адистигине айымдарды гана даярдоо зарыл деп демилге көтөрүп  чыкты –дейт макаланын   автору. 

Ташкендик молдонун ушундай демилге көтөрүп чыкканын Өзбекстандын  коомчулугунун арасында талаш тартышты жаратты. Көпчүлүк жарандар диний кызматкерлердин светтик турмушка кийгилишкенин кескин сындады. Ошол эле убакта жогоруда айтылган имамдын демилгесин айрым атуулдар колдоп чыкты –деп Сейидов макаласында белгилейт.  

Өзбекстандын жаңы президенти коомду экиге бөлгөн  кээ бир диний кызматкерлердин пикирлери менен ишмердүүлүгүн  дайыма көзөмөлдөп  турбаса, анда жакынкы арада коңшу мамлекетте диний негизде кагылышуулар болот. Анын кесепети сөзсүз түрдө Кыргызстанга да тийет –дейт айрым батыш жана орус  эксперттер.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Бакыт Тапаев болду.