Жаңылыктар
Дүйнөдөгү эң коопсуз делген мамлекет аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң коопсуз делген мамлекет аныкталды

Дүйнөлүк экономикалык форумдун адистери жер планетасындагы эң коопсуз мамлекетти аныкташып, Финляндия  эң коопсуз өлкө деп табылды. Рейтингди түзүүдө мамлекеттин аймагында болуп жаткан жаңжалдар, кылмыштуулуктун деңгээли жана терроризм коркунучу сыяктуу факторлор эске алынган. Россия, Турцияга караганда Кыргызстанда абал кооптуу. Бизде терроризм, кылмыштуулук жана аскердик чыр-чатактар көп орун алат деген жыйынтык чыгарылган. 

Деген менен буга ата мекендик талдоочулар кошулбайт. Аталган эки өлкөгө караганда өлкөдө кырдаал туруктуу. Эл аралык иликтөөлөр акыркы убактарда бир катар мамлекеттерде орун алган жардырууларды уюштургандардын арасында кыргызстандыктардын аты аталып жаткандыгынан улам ушундай пикирде калышса керек дешет алар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"