Жаңылыктар
БШК: үгүт жүргүзүүгө бардык телеканалдар укуктуу
Шайлоо 2023
БШК: үгүт жүргүзүүгө бардык телеканалдар укуктуу

Жеке телеканалдар 2017-жылдагы шайлоолордо үгүт иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбайт. Мындай билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы таратты. Мекеменин жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтуусунда, буга чейин айрым маалымат каражаттарында таратылган, шайлоодогу үгүт иштерин жеке каналдар жүргүзбөйт деген маалымат туура эмес.

БШК “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын жана баш мыйзамдын негизинде иш жүргүзөт. Мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштерине мамлекеттик жана жеке телеканалдар көрсөтүлгөн тартипте иш алып барышаары жазылган.

“Башкы талап бардык талапкерлер менен саясий партияларга бирдей мамиле кылуу керек. Телерадиоканалдар менчиктин түрүнө карабай талапкерлерге, партияларга бирдей эфирдик убакытты, баасын бирдей бериши керек”,- дейт БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.