Жаңылыктар
Кээ бир облустардагы айылдык кеңештердин депутаттары таркатылды
Саясат
Кээ бир облустардагы айылдык кеңештердин депутаттары таркатылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары, андан сырткары бир катар облустардагы айылдык кеңештердин депутаттары таркатылды. Кийинки шайлоо өлкө башчысынын чечими менен 28-майга белгиленди. Анда мөөнөтүнөн мурда 20 жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ал эми кезектеги шайлоолорду эске алганда жалпысынан 41 аймакта депутаттар шайланат. 

Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекет башчысы тарабынан кайрадан дайындалган шайлоолорду өткөрүүгө даярдык көрүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Ушул жылдын 28-майында өтүүчү шайолоолорго жалпысынан 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылынары эсептелип чыккан. Мындан сырткары жергиликтүү кенештерге талапкерлерди көрсөтүү, катоого алуунун мөөнөттөрү аныкталды.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"