Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда жолдор оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда жолдор оңдолууда

Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Бөкөнбаев-Каракол багытындагы жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат. №33- жол тейлөө мекемеси быйылкы жылы район аймагындагы беш чакырым шагыл жолго жаңы асфальт төшөйт. 

Мындан сырткары, Ала-Баш, Көл-Төр айылдарына кетүүчү жолдорго шагыл төшөлүп, бекемдөө иштери жүргүзүлөт. Азыркы тапта жаңы асфальт төшөө иштерине камылга жүрүп, Ак-Терек-Дөң-Талаа багытында эки жарым, Тогуз-Булак айылына кетүүчү жолдо эки, Туура-Суу айылына кетүүчү каттамга бир чакырым жолго жаңы асфальт төшөө иштери белгиленди. Бул иштерге бюджеттен жыйырма эки миллион сом каралган.

"Биз аң чөнөктөрдү жамоо иштерин эрте баштаганбыз. Баардык иштер талапка ылайык жүрдү. Азыр негизки жолдо утурумдук ремонт иштери аяктап калды. Эми Төрт-Гүл жана Большевик айылдарында иш жүрөт. Андан кийин айыл ичтерин жасап баштайбыз",- деди №33 жол тейлөө мекемесинин башчысы Иманбек Дыйканов.