Жаңылыктар
Президент УКМК кызматкерлерин сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент УКМК кызматкерлерин сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине «Эрдик» медалы менен Ардак баракчаларын тапшырды. 

Өз сөзүндө Мамлекет башчы кесиптик чеберчилиги жана өлкөнүн, анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерин так аткаргандыгы үчүн УКМК кызматкерлерине кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирди. 

«Силер өмүрүңөрдү тобокелге салуу менен аскердик жана кызмат парзыңарды татыктуу өтөп, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоого жеке салымыңарды кошуп жатасыңар», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Президенттин оюу боюнча, УКМКнын чынчыл, ак жүрөк офицерлеринин жана жамаатынын күчү менен соңку кезде жарандардын атайын кызматтарга мамилеси оң жагына өзгөрдү. 

«Бул силердин эмгегиңер. Бүгүн күч түзүмдөрү өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерин так аткарып жатышат" - деп белгиледи Мамлекет башчы.