Жаңылыктар
Президент А. Атамбаевдин жарлыгы менен элчилер дайындалды
Саясат
Президент А. Атамбаевдин жарлыгы менен элчилер дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Эркин Сопоков Кыргызстандын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу, ал эми Азамат Усенов Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Алмазбек Атамбаев кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы, Пекин шаарында резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Монголиядагы Элчиси кызматынан бошотулду.