Жаңылыктар
Президент Индиянын тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар менен жолукту
Саясат
Президент Индиянын тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Индия Республикасынын тышкы иштер министри Мушабар Жавад Акбар менен жолукту. 

Жолугушууда Кыргызстанда мусулман диний лидерлеринин катышуусунда эл аралык конференцияны уюштуруу маселеси талкууланды. Аны өткөрүү келишимине кыргыз лидеринин Индияга мамлекеттик сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди экөөнүн сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жетишилген. 

Алмазбек Атамбаев бул конференция Исламдын өнүгүү, диний экстремизмге жана радикалдашууга бөгөт коюу маселелери боюнча ой-пикирлерди алмашуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, азыркы Исламдын өнүгүшүндө бурулуш учур болуп калууга тийиш экенин белгиледи.