Жаңылыктар
Жол кырсыгы арбын катталууда
Кырсык
Жол кырсыгы арбын катталууда

Соңку учурда өлкө аймагында эки күндүн биринде жол кырсыгы катталып, ал адам өлүмдөрү менен коштолууда. Кагышкан же аласалып кеткен унаалар жана жолдогу эрежени туура сактабаган учурлар айдоочулардын унаа башкаруу маданиятсыздыгынан улам келип чыгууда. Мыйзамга көз жумган көрүнүш Бишкекте күн эмес саат сайын катталат. Алардын бирине жекшемби күнү капталы менен сүрүлгөн маршрутканы айтсак болот. Капталы менен сүрүлгөн унаа видеокамеранын бирине түшүп калган. Анда айдоочу жол чырак кызыл күйгөнүнө карабай көчөнү кесип өтүп, башка унаага урунган.

Маршрутканын ичинде 15 адам бар болчу. Кырсыктан жети адам жаракат алган, бир жүргүнчүнүн колу сынса, эти сөөгүнө чейин шылынган адам да бар. Бир өспүрүмдүн баш мээси чайпалып, үч киши ооруканага түшкөн. Дарыгерлер акыркы кезде унаа кырсыгынан жапа чегип, ооруканага кайрылгандар көбөйгөнүн айтышат. Кырсыкка учураган 199- маршрут “Мейкин” ишканасына таандык. Бул компанияга жарым ай мурун микроавтобустарды техникалык кароодон өткөрбөй туруп жолго чыгарганы үчүн айып салынган. Бишкекте жалпы 45 жеке менчик маршруттук унаа иштеткен компания катталган болсо, алардын көбү коюлган талаптарды аткарбай жатат.  Жүргүнчү ташып оокат кылган айдоочулар айтылган сындарга макул эмес.

2017-жылдын 3 айында өлкө боюнча 1169 жол кырсыгы катталып, 148 адам каза болгон. Ал эми жаракат алгандардын саны 1686га жеткен. Статистикалык маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктардын 86,1% айдоочулардын жана 7,7% жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен болгон. 

-Жыл башынан тарта 174760 жол эрежесин бузган факты катталган.
- 2952 адам унааны мас абалында башкарып жүрүп кармалган.
- Катуу ылдамдык менен 15152 айдоочу колго түшкөн.
- Жол чырактан туура эмес өткөн 5570 учур катталган.
Башка дагы жол эрежесин бузуу көрүнүштөрү бар.

Жакында эле 8-апрель күнү Кемин районундагы негизги трассада катуу ылдамдык менен бараткан 3 унаа сүзүшүп, кырсыктан 6 адам мерт кетип, жаракат алгандар да бар. Катуу ылдамдык адам өмүрүн алып тынды. Кыргызстанда унаа башкарган адамдар эрежени сактай бербейт, катуу ылдамдык менен айдашат. Алар өз өмүрүн жана унаадагы адамдын өмүрүн тобокелге салат. Айдоочу үйдө жакын кишиси күтүп жатканын эстен чыгарбашы керек.