Жаңылыктар
ЖК: Өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши жактырылды
Экономика
ЖК: Өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши жактырылды

Парламенттин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши боюнча маалыматты жактырып, былтыркы жылы аткарылган жумуштарын канааттандыраарлык деп баалады. Эми өкмөттүн маалыматы тармактык комитеттерде жана фракцияларда каралган соң палатанын талкуусуна чыгарылат. Бул жолу өкмөт маалыматты жаңы ыкмада даярдап келди. Анда тармактар боюнча жетишкендик менен өксүктөр жана быйыл аткарыла турган иштер көрсөтүлгөн. Премьер-министрдин айтуусунда өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылды аны менен кошо бир катар маанилүү документтер жүзөгө ашкан. Коррупция, экономикалык эркиндик, бизнести жүргүзүү сыяктуу индекстер боюнча Кыргызстан эл аралык рейтингде да абалын жакшыртууга жетишти -деди Сооронбай Жээнбеков.

Дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү терс жагдайларга карабай өкмөт былтыркы жылы экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калды жана бюджетти теңдештирүүгө жетишти. Жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8% болду. Муну менен бирге өнөктөш өлкөлөр боюнча өз ара соода 2016-жылы кыскарса, ал эми Кыргызстан өзүнүн продукциясын экспорттоону 4,4%га көбөйткөн.

Айыл чарба, курулуш, тейлөө чөйрөсү, тышкы соода жакшырып, кирешелердин жалпы көлөмү көбөйүп, салыктык төлөмдөр салыштырмалуу көп чогултулган. Былтыркы жылы 5,2 млрд сомго каржыланган 278 социалдык обьекти курулуп пайдаланууга берилген. Жолдор салынып, оңдолууда. ЕАЭБдин алкагында бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн жеңилдиктер берилди жана лицензия-уруксат берүү жол-жоболору кыскартылган. Ошону менен бирге былтыр ЕАЭБдин талаптарына ыңгайлашуу максатында олуттуу жумуштар жасалды. Бул ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар модернизацияланып, салынды. Чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттери курулуп, жаңыланды. Курулушу аяктагандары чекесинен заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылып пайдаланууга берилди. Былтыр 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиядан бөлүнгөн 500 млн доллардын ичинен жалпы суммасы 202 млн долларга жеткен 647 долбоор жактырылды.

Тамчылатып сугаруу, таза суу долбоору жана аймактарды өнүктүрүү концепциясы, ирригация, саркынды суу системасын жакшыртуу жумуштары ыкчам колго алынып, көрүнүктүү жыйынтыктар бар экени да айтылды. Сел, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп орун алып жаткандыктан айрым аймактарга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлчүлүгүн ачууну жол кырсыктарын кыскартуу аракетин көрүүгө чакырган сунуштарды берген депутаттар өкмөттүн аткарып жаткан ишин мактады.

 Көпчүлүк эл өкүлдөрүн Бишкек Кара-Балта, Балыкчы, Чолпон-Ата-Корумду стратегиялык жолдорун салуунун мөөнөтү качан аяктаары кызыктырды. Бул жумуштар аяктагыча поезд менен экспресс каттам ачуу, жол кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыктан жол ортосун бөлгөн тосмолор орнотулса деген ойлор айтылды. Сооронбай Жээнбеков жолдорду салууга каражат бар экенин ырастап, бул жумуштарды жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.Талкуу маалында өкмөт башчы Өзбекстан менен такталбаган чек ара тилкелери боюнча сүйлөшүүлөр жандуу жүрүп жатканын да белгиледи. Суроо берүү үчүн жазылган депутаттардын көбүнө убакыт жетпей калгандыктан жалпы жыйында суроолорун тактамай болушту. Жыйынтыгында парламенттин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2016-жылда аткарган иши боюнча маалыматты жактырды.