Жаңылыктар
Өзбекстандa “Дүйнөлүк эс алуу” аталышындагы туристтик көргөзмө өттү
Туризм
Өзбекстандa “Дүйнөлүк эс алуу” аталышындагы туристтик көргөзмө өттү

Ал эми коңшу Өзбекстанда жазгы айдап-себүү иштери бүтүп калды. Мына ушул кошуна мамлекет жаңы кызматтык мамилени баштоого шарт түзүлдү Тагыраак айтканда, Ташкентте "Дүйнөлүк эс алуу" деген аталыштагы эл аралык турситтик көргөзмө өтүп, ага биздин мамлекет да катышты. Туристтик көргөзмө - өлкөнүн турситтик деңгээлин айтып берүүдө өзгөчө мүмкүнчүлүк. Биздин туристтик индустрия өкүлдөрү Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн кандай аракеттерди жасашты, өз өлкөсүн эл аралык коомчулукка кандай жарнамалап келишти.

Кыргызстан мындай көргөзмөлөргө биринчи катышып жаткан жок, кандай гана иш-чара болбосун ата-мекендик туристтик ишкана-мекемелер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз өлкөсүнө туристтерди тартууга болушунча аракет кылышат. Алардын мээнети текке кетпей, биздин мамлекетти көргүсү келгендер аз эмес экен. Кыргыз туроператорлордун аймагына башка мамлекеттердикине салыштырмалуу көп эл чогулду.

Туроператорлорго туристтер менен гана эмес, кесиптештери менен да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Түзүлгөн келишимге ылайык, алар бизге эс алуучуларды жиберишет. Кыргызстанга келүүчүлөрдү кызыктыруу башкы маселе, бирок транспорт маселесин чечүү да негизгилерден. Бул учун улуттук “Өзбекстан аба жолдору”, Өзбекстан темир жолу ишканалары жана Өзбекстан профсоюздар федерациянын жетекчилиги менен жолугушуулар болду. 

90-жылдары Өзбекстан Кыргызстанга туристтерди жиберүү боюнча экинчи орунда турган. Кийинчерээк агым токтоп калган. Бүгүн эки мамлекет жетекчилеринин деңгээлинде экономикалык, маданий, гуманитардык гана эмес, туризм тармагы боюнча байланыштарды бекемдөө, өнүктүрүү аракеттери көрүлүп жатканын Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков айтты. Туристтик көргөзмө - майрамдык маанай тартуулаган кооз ишчара. Бул жолу да ошондой болду. Кабыл алган тарап, жаңы долбоорлордун үстүнөн иштөөгө жана ойлонууга түрткү берди дешет туристтик ишканалар.