Жаңылыктар
Карылар үйлөрүндө улгайган адамдардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Карылар үйлөрүндө улгайган адамдардын саны көбөйүүдө

Карысы бардын ырысы бар. Эзелтен кыргыз эли кары адамдарды барктап, аларды акылдын куржуну катары сезишкен. Ал эми тилекке каршы акыркы жылдарда карылар үйлөрүндө улгайган адамдардын саны көбөйүп жатканы атайын изилдөөлөрдө билинди. Бул жыйынтыктын эң өкүнүчтүүсү ошол кары адамдардын арасында өткөн жылдарга салыштырмалуу кыргыздардын саны өсүп жатканы өкүнүчтүү. 

Эсенгул ата бул ырдын калганын улантууга оозу барбады. Анткени ыр саптары балдарына арналган. Өз канынан жаралган перзенттери мындай ишке барса да аларды дайыма эсинен чыгарбайт. Атүгүл минтип, неберелерин эстеп, бир кыялга да батып алат.  Кайрылып бир кабар албаган балдарына акыркы жолу телефон аркылуу байланышкан, бирок оң жыйынтык чыккан жок.

Жүрөгүндөгү армандарын ыр саптары менен чыгарган Эсенгул ата карылар үйүнө келгенине бир жылдын жүзү болду. Башына түшкөн сыноону мойнуна алып, келечектеги жаштарга ыйман тилеп келет. Анын балалык күндөрү Нарын облусунда өткөн, туулган жерин бир көрсөм деген үмүтү чоң. Жалгыздыктын торунан арылып, карылар үйүнөн табышып, бирге түтүн булатып жаткандарда да бар. 

Албетте өткөн кез кайра кайрылып келбейт. Ушуга шүгүр кылып жашап келе жатышкандардын бул жайында 211 кары адам бар. Ар кимдин ар башка арманы көп. Бири муңун жутуп, ичке катса бири көз жаш менен сырын ачат. Акыркы кезде улгайган ата-энесин карылар үйүнө тапшыргандар көбөйүп жатат. Тилекке каршы бул көрсөткүчтө кыргыздардын да саны жыл сайын көбөйүүдө дейт адистер. Адеп жана ыйман мына булар үзүрлүү жашоонун ачкычы. Ал эми ата-эненин көзү барды сыйлоо ар бир жарандын милдети болуп эсептелет.