Жаңылыктар
ӨКМ: жаанчыл аба-ырайы дарыяларда суу ташкынын пайда кылуусу мүмкүн
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: жаанчыл аба-ырайы дарыяларда суу ташкынын пайда кылуусу мүмкүн

Жаздын келиши менен дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Жаанчыл аба ырайы жаратылыш кырсыктарын шартташы да ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин айтууда.

 

Адистер апрель айы жаанчыл болоорун эскертишүүдө. Жакынкы күндөргө күтүлгөн аба-ырайынын катаал шарты дарыяларда суу ташкынын пайда кылат.

Сел жүрүү коркунучу өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жогору. Жамгырлуу аба-ырайы суу ташкындарын гана эмес, жер көчкүсүн да шарттайт. Жаратылыш кырсыгынын мындай түрү 1994-жылы 100 жолу болгон. Быйылкы абал андан да оор болушу мүмкүн.

Жер көчкү менен сел айрым калктуу конуштарга коркунуч жаратып жатса, кар көчкү жолдо жүрүүнү кыйындатат. Апрель айында бир катар каттамдарда коркунуч жаралышы мүмкүн.

Сел жана көчкү коркунучтары 4 миңдей үй-бүлөөнү жашаган жерлеринен көчүрүү зарылчылыгын пайда кылууда. Адистер тилсиз жоого каршы тиешелүу иштерди жүргүзүп жатат.