Жаңылыктар
Балыкчыда 10 окуучу газга ууланып, ооруканага түштү (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда 10 окуучу газга ууланып, ооруканага түштү (жаңыланды)

Балыкчыдагы мектепке кимдир бирөө өзүн-өзү коргоо учурунда колдонулуучу ачуу аэрозол заты бар баллон алып келингени болжолдонууда. 

Учурда милиция кызматкерлери мындай баллонду ким алып келгендигин тактап жатат. 

Эскерте кетсек, Балыкчы шаарында окуучулар газга ууланып, 10 бала ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди. 

Окуя 17-апрель күнү саат 10:35тер чамасында №3 Абдылдаев атындагы орто мектепте болгон. Натыйжада, беш окуучу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө, бешөө травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

Ошол эле күнү куткаруучулар тарабынан эки мугалимге жана эки окуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Реанимациядагы балдар палатага которулду. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы орто.