Жаңылыктар
Кыргыз элинин салттуу оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз элинин салттуу оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталат

Кыргыз элинин салттуу оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталат. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, кыргыз эл оюндарын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизүү сунушталат.

Буга чейин Көк бөрү ЮНЕСКОнун “салттуу ат оюну" номинациясына сунуш кылынган. Бирок кыргыз тарапка "салттуу оюндар" түшүнүгүн мыйзамдаштыруу керектиги айтылган. Азыр маданият министрлиги бул багыттагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракетин көрүүдө. 

Адистердин айтымында, Кыргызстан ири эл аралык спорттук иш-чаралардын демилгечиси болуу менен спорттун улуттук түрлөрүн жана салттуу оюндарды, элдик салттарды өнүктүрүү жана өркүндөтүүнүн үлгүсү болуп калды. 

Буга 2014 жана 2016-жылдары өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну далил. Мындан улам, салттуу оюндар ЮНЕСКОнун тизмесине кириши мүмкүн.