Жаңылыктар
БШК: "Ата Мекен" коомчулуктун башын айлантууда
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: "Ата Мекен" коомчулуктун башын айлантууда

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоо күнүн белгилөө боюнча “Ата Мекен” фракциясынын арызы боюнча өз билдирүүсүн таратты. 

Эскерте кетсек, фракциянын айрым депутаттары шайлоону 27-августта өткөрүү сунушу айткан. Буга карата БШК мындай арыздар элдин башын айлантууда деп билдирет.

Өлкө президентин шайлоо күнүн аныктоо Кыргызстандын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде жүрөрү белгиленген. Кыргыз Республикасынын президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. 

Жогоруда айтылган Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык 2017-жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембиси, башкача айтканда, 19-ноябрда Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоо өткөрүлмөкчү” деп жазылат БШКнын түшүндүрмөсүндө. Шайлоо датасын мыйзам боюнча төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындашы керек.