Жаңылыктар
Кыргызстанда дефолт кооптуулугу жок
Экономика
Кыргызстанда  дефолт кооптуулугу жок

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмүн алып караганда дефолт кооптуулугу жок. Мындай пикирин Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук Тазабек сайтына берген интервьюсунда билдирди. 

Ал, Кыргызстан -Дүйнөлүк банк жана башка өнөктөштөрүнөн алган карыздарын жеңилдетилген тартип менен алганын, ошондуктан карызды төлөө бүгүнкү күндө кыйынчылык жаратпай турганын баса белгилеген.

 

Карыздын пайызын төлөө 2016-жылы мамлекеттик жалпы чыгымдын 2,8% ын гана түзгөн. Карыз акчанын деңгээлин сактап, келечек муундар үчүн оор болуп калбашы үчүн натыйжалуу пайдаланууга керектигин кошумчалады. Ушул багытта, Кыргызстан көп нерсени жакшыртышы зарыл, мисалы, мамлекеттик стратегиялык инвестицияны камсыздап, сапаттуу баа берип, жайылтылышын камсыздашы керек - дейт Бурунчук.

Анын пикиринде, өлкө бюджетинин дефицитин катуу көзөмөлдөө зарыл. Анткени акыркы жылдарда аймактын экономикалык төмөндөөсүнүн таасирлерин азайтуу максатында бюджеттин тартип анча сакталган эмес.