Жаңылыктар
Баткенде "Айгүл" гүлү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде "Айгүл" гүлү ачылды

Баткенде "Айгүл" гүлү ачылды. Ар жылы апрель айында ачылган гүлдү көрүү үчүн аймакка туристер келе баштады. Баткен районунун борборунан 18 чакырым аралыктагы Айгүл гүлү өскөн тоо корукка алынып, айланасы тосулган. 

Гүлдү көрүүгө келгендер үчүн тоо бооруна тепкич курулуп, отургучтар орнотулган. Коруктун аймагына кирүү үчүн ар бир кишиден 20 сом өлчөмүндө акы алынат. 

Учурда Айгүл гүлүн көбөйтүү иши уланууда. Айгүлдүн уругу жерге түшкөндөн баштап жети жылда гүлдөйт.