Жаңылыктар
Бишкекте “Бей формал Путин” аталыштагы сүрөт көргөзмө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Бей формал Путин”  аталыштагы сүрөт көргөзмө  ачылды

“Бей формал Путин”. Ушундай аталыштагы сүрөт көргөзмө Бишкектеги кыргыз орус славян университетинде ачылды. 

Анда “Московский Комсомолец” гезитинин фотокабарчысы Александр Астафев жана Наталья Губернаторованын акыркы беш жылда тарткан сүрөттөрү коюлду. 

Көргөзмө Кыргызстан менен Орусиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган. 

Сүрөттөрдүн арасында орус лидеринин дүйнө президенттери, спортчулар, жөнөкөй жарандар жана өзү эс ал алып жүргөндөгү сүрөттөр бар. Көргөзмө буга чейин Орусиянын аймагында жана Европа мамлекеттеринде коюлган.