Жаңылыктар
Украина жакырланып кетти
Дүйнө
Украина жакырланып кетти

Жогорку  Рада  Украинын өкмөт башчысын  отставкага  кетирүү боюнча резолюцияны  кабыл  алган жок. Буга  көпчүлүк депутаттардын  колдобогондугу  себеп болду.  Чечимге 226 депутаттын  колдоосу керек болсо,  194   депутат  макул деп добуш берген. Бул күнү Украинанын президенти Петр Порошенко, өкмөт парламенттик  көпчүлүктүн  колдоосун толук жоготту деп билдирген болчу. 16-февраль күнү   өкмөт башчы  Арсений  Яценюк  Евромайдандын  катышуучулары  кыялдары  орун албай калгандыгына  өзүнүн  күнөөсү  бар экендигин   “Премьер  менен 10 минут” программасында   мойнуна  алган. Ал арада  Орусия  Украинанын  3 миллиард  доллар карызы үчүн  сотко  берди.

Жекшемби күнү  Киев  министрлер кабинети жайгашкан  имараттын алдында  миңге жакын жарандар  митингге чыгышты. Көпчүлүгү  чогулган  себебин айтуудан баш тартышканы менен  айрымдары өкмөттүн  отставкага  кетишин  талап  кылып жатышкандыгын  ачык айтышты.

Мен бул жерге Украина  үчүн келдим. Мындан ары  минтип жашоого болбойт. Аябай  жакырланып кеттик. Чарбадагы  ашыкча  адамдарды  алып салууга кезек келди.  Колубузга  курал алып эки жыл  майдан деп жүрдүк. Андан эмне  чыкты?  Эч нерсе өзгөргөн  жок.

 16-февралда Жогорку  Рада    Арсений  Яценюк  жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө  боюнча  резолюцияны  кабыл ала  алышкан  жок.  Вотумду 194  депутат  колдогон, бирок   чечимди кабыл алууга  226 добуш керек  эле.  Ошол эле күнү  Украинанын  президенти  Петр  Порошенко,  өкмөт  парламенттик  көпчүлүктүн  колдоосун толук жоготту  деп билдирген.  Буга чейин, 4-февралда   Рададагы   “Петр Порошенконун  Блогу”  фракциянын   лидери   Юрий  Луценко,  Арсений   Яценюктун  отставкага кетирүү үчүн  парламенттеги  көпчүлүк  коалиция  сунуштаган кандидатка  премьер  министри  макулдугун  берүүдөң баш тартса гана  кетиши мүмкүндүгүн айткан болчу.    Өкмөт  башчы  Арсений  Яценюк  “Премьер менен 10 мүнөт” программасында  Евромайдандын  катышуучуларынын  кыялдарынын  оундалбай калышына  өзүнүн дагы күнөөсү  бар экендигин моюнга алды. Ал мындан сырткары  жетишилген  ийгиликтерге дагы токтолгон.

Ачыгын айтсам,  албетте, Украина  эли  биз  күткөн көп  нерсеге  жетпей калды.  Бул жерде менин дагы  күнөөм бар. Аны мен моюнга алам.  Бирок  ошол эле малда  биздин жетишкен жактарыбыз-бул  Украинанын  Евробиримдик  менен ассосация  түзүү  боюнча  келишимге   кол  коюшу.  Украиндиктер  мындан ары  европалыктар болуп калышты.  Евро биримдикке  визасы жок, эч кандай  кыйынчылыктарга кабылбай  кирип чыга алышат.  Мындан  сырткары,  Украина  чындыгында  көз  карандысыз мамлекет болду. Мурда  эгемендүү мамлекет деп саналганы менен  факты жүзүндө  Орусиянын тышкы  башкаруусунда  болчу. Бул  эркин элдердин мамлекети, революцияны  татыктуу  жеңген элдердин мамлекети демекчимин.

Ал арада  Орусия 3 миллилард доллар   карызын төлөбөй  жаткандыгы үчүн  Украинаны  Лондондун  Жогорку  сотуна  доо арыз менен кайрылды.  Орусиянын каржы министри  Антон Силуанов журналисттерге  доо арыз  Украинаны  бир нече жолу  конструктивдүү сүйлөшүүгө   чакыруулардан кийин гана берилип  олтурат. Орусиянын  еврооблигациясы  расмий  түрдө   кредит  катары саналат жана  ал кол коюлган келишимге  алкагында  түзүлгөн  талаптар менен көзөмөлгө  алынышы  керек деген  Силуанов.  Украинанын   Орусияга карызы  сүйлөшүүлөр менен чечилиши  мүмкүн. Деген  пикирди карманган Кыргызстандын  Украинадагы, Түркия  жана Малайзиядагы  мурунку  элчиси  Мамбетжунус  Абылов, буга  Украинанын  дагы өзүнүн  жообу  бар деп  билдирди.

Белгилей  кетсек,  Украинада баш аламандык  2013-жылдын   21-ноябрында башталып, бүгүнкү  күнгө чейин уланып келет.