Жаңылыктар
Кылмыш иштери мурунку жылга салыштырмалуу азайды
Кылмыш
Кылмыш иштери мурунку жылга салыштырмалуу азайды

Өткөн  жылы өлкө аймагында кылмыш иштери мурунку жылга салыштырмалуу аз болду. Тактап айтканда, 2016-жылы  27481 кылмыш иши катталган болсо, 2015-жылы мындан 1619 ишке көп болгон. Оор кылмыштардын бетин ачуу, кылмышкерлерди издөө, иликтөө багытында да укук коргоо органдарынын кызматкерлери жигердүүлүгүн көрсөткөн. Мындай маалыматтар бүгүн, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өкмөт  мүчөлөрүнүн  2016-жылы аткарган  иштери боюнча отчетунда  белгилүү болду.  

Вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун билдирүүсүндө, мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы аракеттенүү  иш  аракеттери  натыйжалуу  болгон, же былтыры 800дөн ашык кызматтык кылмыштар катталып, мамлекетке келтирген ири суммадагы зыяндар кайтарылган. Чек араны тактоо иштери боюнча өкмөттөр аралык сүйлөршүүлөрдө  алдыга жылуулар бар экендигин кошумчалайт вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков. Мындан  тышкары, өлкөнүн   күч  структураларынын  жетекчилери   да жыйынга катышып, жыл өткөн  сайын алгылыктуу  жумуштар аткарылып жаткандыгын баса белгилешти.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"